
Орусиялык мамлекеттик ишмер, дипломат, журналист, жазуучу Вячеслав Костиков Москвада төрөлгөн. 1958-1961-жылдары ута болуп эмгектенген Вячеслав Костиков 1966-жылы М.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.
1966-1967-жылдары Индияда англис тилинен котормочу,
1967-жылдан тартып "Новости" агенттигинде саясий серепчи,
1972-1978-жылдары Парижде ЮНЕСКОнун маалымат бөлүмүнүн кызматкери,
1978-1982-жылдары "Новости" агенттигинде редактор, саясий серепчи,
1982-1988-жылдары Парижде ЮНЕСКОнун маалымат бөлүмүнүн редактору,
1988-1992-жылдары кайрадан "Новости" агенттигинде редактор, саясий серепчи,
ал эми 1992-1994-жылдары Орусиянын президенти Борис Ельциндин басма сөз катчысы болуп иштеген.