22- Август 1936 -жылы театр иликтөөчү, котормочу жана драматург Авас Сырымбетов төрөлгөн
Театр иликтөөчү, котормочу жана драматург Авас Сырымбетов Чүй облусуна караштуу Жайыл районундагы Бекитай айылында төрөлгөн. 
Авас Сырымбетов чыгармачылык эмгек жолун он алты жаш курагында Кыргыз мамлекеттик драма театрында артист болуп иштөө менен баштаган.
1962-жылы Ташкенттеги А.Н.Островский атындагы Театралдык көркөм институтунун театр иликтөө факультетин ийгиликтүү бүтүргөн соң Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинин Өнөр иштери боюнча башкармалыгынын улук нускоочулук кызматына иштөөгө жиберилген.
1981-жылы ошол эле маданият министрлигиндеги драматургия боюнча репертуардык-редакциялык коллегиясынын мүчөлүк кызматында, 1988-1991-жылдары редколлегиянын башкы редактору болуп иштеген.
А.Сырымбетов театр иликтөөчү катары театрдын спектаклдери, драматург, режиссёр жана актёрлор тууралуу көптөгөн изилдөөлөрдү, сын макалаларды жазган.
А.Сырымбетовдун "Кыргыз куурчак театры" аттуу китеби республикалык "Нооруз" майрамына карата өткөрүлгөн театр сынчыларынын конкурсунда биринчи сыйлыкка татыган.
"Издеген жетет муратка", "Эр жүрөк Бекжан", "Котур тайлак", "Алтын чач" аттуу пьесалары республиканын театрларында коюлган.
А.Сырымбетов көркөм котормо жанрында да эмгектенип, А.Островскийдин, О.Бодыковдун, С.Ахмаддын, А.Арбузовдун, И.Содиковдун, О.Уайлддын ж.б. пьесаларын кыргыз тилине которуп, театрларда коюлган.
Ал Кыргыз Совет энциклопедиясынын активдүү авторлорунун бири. Театр искусствосу боюнча мыкты макалалардын конкурсунун бир нече жолку жеңүүчүсү.
Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрынын алдындагы театралдык окуу жайында актёрлор студиясында теориялык жактан сабак берген. 1979-жылдан СССР Жазуучулар союзунун, 1962-жылдан Театр ишмерлер союзунун мүчөсү.
1993-жылы Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери ардактуу наамы берилген.
Авас Сырымбетов М.Рыскулов атындагы Эл аралык сыйлыктын ээси, "Эмгек ардагери", "Эл агартуунун отличниги", "Маданияттын мыкты кызматкери", "Манас 1000" медалы, СССРдин жана республиканын маданият министрлигинин Ардак грамоталары менен сыйланган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан