23- Август 1951 -жылы Жазуучу, публицист Эсенбай Калдаров туулган
Жазуучу, публицист, театр сынчысы Эсенбай Калдаров Ноокат районундагы Көк-Бел айылында туулган. Ал 1968-жылы Ош облусттук басмаканада басуучу болуп эмгек жолун баштаган.
1970-1975-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинде билим алган.
1975-жылдан республикалык "Ленинчил жаш" гезитинде корректор, кабарчы, спорт жана аскердик тарбия бөлүмүнүн башчысы,
1979-жылдан республикалык "Советтик Кыргызстан" гезитинде кабарчы, улук кабарчы, адабият жана искусство бөлүмүнүн башчысы,
1991-жылдын июнунда Республиканын парламенттик "Эркин Тоо" гезитин уюштурууга катышып, анда бөлүм башчы,
1991-жылдын сентябрында республикалык "Кыргыз тили" коомунун "Эне тили" аттуу гезитин негиздеп,
1993-жылга чейин анын башкы редактору,
1993-жылы "Кыргыз Туусу" гезитинин башкы редакторунун орун басары,
1994-жылдан Кыргыз Мамлекеттик телерадио корпорациясында социалдык-экономикалык жана коомдук-саясый башкы редакциясында жана адабий-драмалык башкы редакциясында башкы редактор,
1996-жылдан "КТР-Обо" гезитин ачып, анын жооптуу редактору, башкы редактордун орун басары, башкы редактору,
1999-жылы кайрадан "Кыргыз Туусу" гезитинин башкы редакторунун орун басары болуп иштеп,
2002-жылдын апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен өкмөттүк "Эркин Тоо" гезитинин башкы редакторлугуна дайындалып,
2005-жылдын март айына чейин жетектеген. Кийин "Эркин Тоонун" башкы редакторунун орун басары, саясий баяндамачысы,
2007-жылдан Чүй университетинин президентинин кеңешчиси, филология факультетинин профессору,
2008-жылдын январынан Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын чечими менен "Кыргыз тили" гезитине башкы редактор болуп дайындалып, каза тапканга чейин жетектеп келген. Эсенбай Калдаров 2011-жылы көз жумган. 
Э.Калдаровдун чыгармачылыгы орто мектепте окуп жүргөндө башталып, "Кошоматчы" сатиралык интермедиясы Ноокат райондук "Колхозчу" гезитине жарыяланган. Андан кийин ырлары, сатиралары, тамсилдери гезитке байма-бай чыгып турган. Адабият, театр, кино өнөрлөрүнө байланышкан макалалары республикалык гезит-журналдарга жарыяланып келген.
Эсенбай Калдаров Кыргыз ССРинин Журналисттер союзунун сыйлыгынын лауреаты (1982), КМШ журналисттер сыйлыгынын лауреаты (1991), Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер (1994), Кыргыз Өкмөтүнүн социалдык-экономикалык маселелери боюнча журналисттер сыйлыгынын (2001), Төлөн Насирдинов атындагы республикалык журналисттер сыйлыгынын (2001), Кыргыз Республикасынын Президентинин "Алтын калем" сыйлыгынын (2002) лауреаты.
Кыргыз ССРинин Журналисттер союзунун (1979), Кыргыз Республикасынын Улуттук Жазуучулар союзунун (1991) мүчөсү.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан