24- Август 1981 -жылы Британиялык музыкант Жон Леннонду атып өлтүргөн Марк Дэвид Чепмендин соту болуп, өмүрүн абакта өткөрөрү тууралуу чечим чыгарылган
Британиялык музыкант, "The Beatles" тобунун катышуучусу Жон Леннонду атып өлтүргөн Марк Дэвид Чепмендин соту болуп, өмүрүн абакта өткөрөрү тууралуу чечим чыгарылган. 
Марк Дэвид Чепмен Жон Леннонду Манхэттенде (Нью-Йорк) анын үйүнүн жанында күтүп турган. Саат 16:00дө Леннон үйүнөн студияга баратканда Чепмен андан "Double Fantasy" аттуу альбомго колтамга коюп берүүсүн суранган. Леннон Чепменге колтамгасын берип жатканын Пол Гореш сүрөткө тартып алган. Саат 22:50дө Леннон жубайы менен келе жатканда Чепмен артынан "Эй, мистер Леннон!" деп кыйкырып, ага беш жолу ок аткан. Октун бирөөсү гана тийбей калган. Аткан соң Чепмен жерге отуруп китеп окуп баштаган. Леннон көп кан жоготконунан саат 23:15те каза болгон. Чепмен кылмыш болгон жерден качкан да эмес, каршылык да көрсөткөн эмес. 
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан