Акын, драматург жана котормочу Эрнис Турсунов Фрунзе шаарында туулган.
Жогорку билимди Москвадагы М.В.Ломоносов атындагы университеттен жана Кыргыз мамлекеттик университетинен алган.
Университетти бүтүрүп, Искусство иштери боюнча Башкы башкарманын начальнигинин орун басары, кыргыз театрларынын репертуарлары боюнча Башкы редактор, "Кыргызфильм" киностудиясынын сценарий бөлүмүнүн начальнигинин орун басары, Тажикстандын жана Кыргызстандын мектептеринде орус, кыргыз тилдеринен мугалим, "Мектеп" басмасында улук редактор, "Ала-Тоо" журналында бөлүм башчы, Кыргыз телерадио комитетинде Башкы редактордун орун басары, Кыргыз академиялык драма театрында адабий бөлүмдүн башчысы болуп иштеген.
Эрнис Турсуновдун "Айчырайлуу кыздар" ("Сулуулар"), "Чындык ийилет, бирок сынбайт", "Эрки күчтүүлөр", "Замандаш", "Баш мээси менен", "Байтик баатыр" сыяктуу драмалары кыргыз театрларына ийгилик менен коюлуп, "Олжобай менен Кишимжан", "Балбай менен Ормон", "Жусуп Баласагын" деген опералык либретторлоруна композиторлор М.Абдраев, А.Мырзабаев, С.Осмоновдор музыка, ырларына обончулар менен композиторлор обон чыгарышкан.
Э.Турсунов А.С.Пушкиндин "Евгений Онегин" романын, Н.А.Некрасовдун "Русь жеринде ким жыргайт" дастанын, Шекспирдин, Сервантестин, Гогольдун, Гоццинин, Брехтин, Хикметтин, Уайлдын, Теннесинин, Филиппонун, Ростандын, Альберт Камюнун, Вишневскийдин, Радзинскийдин, Афониндин, Дозорцевдин, Разумовскаянын драмаларын, поэзия классиктери: Данте, Петрарка, Катулл, Сафо, Марциал, Киплинг, Блейк, Байрон, Гёте, Шиллер, Гейне, Андерсен, Мицкевич, Петефи, Гартман, Верхарн, Топелиус, Мейер, Тувим, Лонгфелло, Эдгар По, Рудаки, Руми, Гафиз, Лермонтов, Тютчев, Есенин, Маяковский ж.б. чыгармаларын которгон.
Э.Турсунов телерадио комитетинде иштеп турганда "Биздин радиотеатр" деген радиоуктурууларга мыкты драмаларды сунуш кылып, классикалык көркөм чыгармаларды фондуга жаздырган.
Ал мусулмандардын ыйык китеби "Куранды" жана христиандардын ыйык китеби "Библияны" биринчилерден болуп кыргызчага которгон.
Кыргыз адабияты менен маданиятына сиңирген зор эмгеги үчүн ага "Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер" жана "Кыргыз Республикасынын Эл акыны" деген наам берилген.
Эрнис Турсунов адабият жана маданият тармагында ыйгарылчу эл аралык Түгөлбай ата коомунун, Аалы Токомбаев, Жоомарт Бөкөнбаев, Таттыбүбү Турсунбаева атындагы сыйлыктардын лауреаты.
Эрнис Турсунов 2014-жылы 11-июнда 79 жаш курагында каза болгон.