Жазуучу, котормочу Самансур Бөлөкбаев Москва районунун Кызыл-Дыйкан кыштагында туулган.
1937-жылы С.Бөлөкбаев Фрунзедеги педагогикалык техникумду бүткөндөн кийин "Ленинчил жаш" гезитинде адабий кызматкер болуп иштейт. Кийин Чаткал районунда райОНОнун башчысы,
1939-1940-жылдары "Кыргызстан пионери" гезитинин редакторунун орун басары, "Ленинчил жаш" гезитинин адабият бөлүмүнүн башчысы, котормочу,
1941-жылы С.Бөлөкбаев Ат-Башы районундагы "Ак-Жар" жети жылдык мектебинде директор болуп иштеп, бир жылдан кийин Советтик Армиянын катарына чакырылат.
1946-1949-жылдары "Кызыл Кыргызстан" гезитинде адабий кызматкер, жооптуу катчынын орун басары,
1967-1969-жылдары "Кыргызкинопрокатта" редактор-котормочу болуп иштеген.
С.Бөлөкбаев өзүнүн адабий чыгармачылык ишин адегенде балдар адабияты боюнча көркөм адабият китептерин которуудан баштаган. Улуу Ата Мекендик согушка чейин эле ал А.Пантелеевдин "Пакет", В.Гюгонун "Гаврош" аттуу китептерин кыргыз тилине которгон.
1978-жылы "Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер" деген наам берилген.
Ал 1964-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон. С.Бөлөкбаев "Каармандык үчүн", 1941-1945-жылдары "Улуу Ата Мекендик согушта Германияны жеңгендиги үчүн", "Японияны жеңгендиги үчүн" медалдары менен сыйланган.