27- Август 1963 -жылы V чакырылыштагы Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков төрөлгөн
V чакырылыштагы Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков Ош облусундагы Кара-Кулжа районунун Биймырза айылында туулган.
Жогорку билимдүү. 1985-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз мамлекеттик айыл чарба институтун, 1991-жылы Кыргыз жер иштетүү илим изилдөө институтунун аспирантурасын, ал эми 2002-жылы Экономика жана ишкердик университетин бүтүргөн.
Эмгек жолун 1985-жылы Ош облусунун Өзгөн районундагы "Ак-Жар" совхозунда агроном кесибинен баштаган.
1987-1992-жылдары Кыргыз пахтачылык жана түштүк айыл чарбасы боюнча тажрыйба станциясында илимий кызматкер болуп иштеген.
1992-1996-жылдары "Шариф", 1996-2002-жылдары "Искен" жоопкерчилиги чектелген коомдордун директору, 2002-2007-жылдары "Агрозооветсервис" ишканасынын башкы директору болуп турган.
2002-2007-жылдары "Жер азыгы" Кыргызстан агробизнесчилер ассоциациясынын Директорлор кеңешинин төрагасы, ал эми 2007-2010-жылдары IV чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болгон.
Асылбек Жээнбеков 2010-жылы Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын тизмеси аркылуу V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына шайланып, Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары болгон.
Ал эми 2011-жылдын 21-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагалыгына шайланган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан