1- Сентябрь 1969 -жылы
Ливияда аскердик төңкөрүш болуп, бийлик башына Муаммар Каддафи келген
Ливияда аскердик төңкөрүш болуп, бийлик башына Муаммар Каддафи келген.
Муаммар Каддафинин туулган жылын биографтар 1940-жыл десе, өзү 1942-жылы Сирт шаарынан 30 чакырым аралыкта жайгашкан бедуиндин (көчмөн) алачыгында төрөлгөнүн айтып келген. Анын толук аты - Муаммар бен Мухаммад Абу Меньяр Абдель Салам бен Хамид аль-Каддафи. Ал 1969-жылдан 2011-жылга чейин өлкөнүн башында турган.
Ал эми 2011-жылдын 20-октябрында Ливиянын мамлекет башчысы, аскердик ишмери Муаммар Каддафи Өткөөл улуттук кеңештин күчтөрү тарабынан колго түшүрүлүп, өлтүрүлгөн.