1- Сентябрь 1953 -жылы
Жогорку Кеңештин экс-депутаты, ишкер Жыргалбек Сурабалдиев туулган
№8 Түндүк шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңешке депутат болгон Жыргалбек Сурабалдиев Сокулук районунун Асыл-Баш айылында туулган. 1980-жылы Кыргыз дене тарбия институтун, 2000-жылы Кыргыз улуттук университетинин бүтүрүп, эки адистикке: машыктыруучу жана юрист кесибине ээ болгон. Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген машыктыруучусу, көптөгөн Ардак грамоталардын жана Даңк медалынын ээси Жыргалбек Сурабалдиев өзүнүн эмгек жолун Сокулук районундагы Белогорка айылында совхоздо айдоочу болуп иштеп баштаган. Андан соң республикалык "Динамо" коомунда кеңешчи, машыктыруучу, окутуучу, Мамлекеттик туризм жана спорт комитетинин директору болгон. Акыркы 7 жылда жеке ишкерлик менен алектенген.
2005-жылы 10-июнда саат 13:00 чамасында Бишкекте Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Сурабалдиевге кол салуу болуп, ал атылган октон каза болгон. Депутатты Бишкектин чок ортосунда жайгашкан Орус драма театры, "Илим" борбору жана К.Баялинов атындагы китепканада орун алган маданий борбордун жанынан атып кетишкен.