3- Сентябрь 1943 -жылы
күрөш боюнча Эл аралык даражадагы калыс Хабибула Анаркулов төрөлгөн
Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген машыктыруучусу, күрөш боюнча Эл аралык даражадагы калыс Хабибула Анаркулов Өзбекстандын Жалал-Кудук районундагы Көтөрмө айылында төрөлгөн. Ал 1969-жылы КМДТИни бүтүргөн.
Эмгек жолун 1968-жылы өзү окуган окуу жайда күрөш кафедрасынын окутуучусу болуп баштаган. Кийин улук окутуучу, 1980-1996-жылдары кафедра башчысы, доцент, 1986-1992-жылдары ошол институттун сырттан окуу жана даярдоо бөлүмүнүн башчысы, 1992-жылы доцент, профессор болгон.