3- Сентябрь 1940 -жылы
акын, котормочу Жайлообек Бекниязов төрөлгөн
Акын, котормочу, бир катар балдар үчүн жазылган эмгектердин автору Жайлообек Бекниязов Москва районундагы Кызыл-Дыйкан айылында туулган.
1964-жылы Пржевальскидеги пединституттун тил жана адабият факультетин ийгиликтүү бүтүргөн. Ошол эле жылдын күзүндө Советтик Армиянын катарына чакырылган.
Ал 1965-1966-окуу жылында Будённый орто мектебинде мугалим, 1967-1971-жылдары "Кыргызстан", "Мектеп" басмаларында корректор, кенже редактор, 1971-жылдан "Ленинчил жаш" гезитинин адабият жана искусство бөлүмүндө улук кабарчы, 1976-жылдан "Байчечекей" журналынын улук редактору, 1987-жылдан Басмалар боюнча өкмөттүк комитетте жетектөөчү редактор болуп иштеген.
Ж.Бекниязовдун биринчи ырлары 1963-жылы "Ала-Тоо" журналына жарыяланган.