4- Сентябрь 2009 -жылы
Ирактагы тынч элге мыкаачылык кылганы үчүн америкалык десант Стивен Гринге өмүр бою абакта отурууга өкүм чыккан
Ирактагы тынч элге мыкаачылык кылганы үчүн америкалык 21 жаштагы десант Стивен Гринге өмүр бою абакта отурууга өкүм чыккан.
Ал 2006-жылы 12-мартта Багдадга жакын жайгашкан Эль-Махмудия кыштагындагы аль-Жанабилердин үй-бүлөсүнө кол салган. 14 жаштагы Абир Касем Хамза аль-Жанаби аттуу кыздын ата-энесин, сиңдисин өлтүрүп, кыздын өзүн бир канча аскерлер менен биргеликте зордуктап, кийин мыкаачылык менен өлтүрүп салганы далилденген.