Франциялык футболчу, машыктыруучу, футбол ишмери Мишель Франсуа Платини Франциянын Лотарингия регионунда туулган. Футболчу катары ал Франция курама командасы менен 1984-жылы Европанын чемпиондугун утуп алган. Белгилүү France Football басылмасынын версиясы боюнча 20-кылымдагы мыкты франциялык футболчу болуп табылган. Клубдук карьерасын ал 1972-жылы франциялык “Нанси” клубунда баштаган (183 оюнда 98 гол киргизген). 1979-жылдан 1982-жылга чейин “Сент-Этьен” клубунда ойноп, 104 оюнда 58 гол киргизген. Платини италиялык “Ювентус” аркылуу карьерасындагы ири секирикти жасаган. Туриндик клубда ал 5 сезон ойноп (1982-1987-жылдары), 147 оюнда 68 ирет айырмаланган. 3 жыл катары менен “Алтын топ” байгесин алган (1983, 1984 жана 1985-жылы) футболчу өткөн кылымдын мыкты 10 футболчусунун катарына кирген.