Германиянын Мюнхен шаарындагы XX Жайкы Олимпиада оюндары учурунда палестиналык "Кара сентябрь" террордук уюму Израилдин командасын барымтага алган. Аларды бошотуу операциясында барымтадагы 11 адам, 5 террорчу жана 1 полиция кызматкери каза болуп, 3 террорчу колго түшүрүлгөн.