15- Апрель 1765 -жылы
Орус окумуштуусу, акын, сүрөтчү, ойчул Михаил Ломоносов каза болгон
Орус окумуштуусу, акын, сүрөтчү, ойчул Михаил Ломоносов Санкт-Петербург шаарында 53 жашында каза болгон.
М.Ломоносов 1711-жылы 8-ноябрда Архангельский губерниясында туулган. Ал 19 жашка чейин жашаган Орусиянын түндүгү абдан бай маданий салттары, элдик өндүрүшү менен өзгөчөлөнгөн. Ал эми сабаттуу адамдар дыйкандардын арасында да жетиштүү болгон. Михаил окуганга, жазганга бала кезинен эле үйрөнгөн. 1730-жылы бийликтин уруксаты менен Ломоносов Славян-грек-латын академияга окуу үчүн Москвага келет. Мурда крестьяндардын балдарын бул окуу жайга кабыл алышчу эмес, ошондуктан Ломоносов дворянин деген жалган документ менен өтөт. Кийин анын калпы ачылып, эки жолу суракка алынат, крестьяниндин уулу экенин моюнуна алууга аргасыз болот. Бирок бир чети Ломоносовдун өтүнүчү, экинчи жактан анын өтө гумандуулугу эске алынып окуудан чыгарылган эмес. Академиянын 13 жылдык программасын ал 4 жылда өздөштүрүп, алдыңкы окуучулардын катарында сенаттын буйругу боюнча 1735-жылы Петербургга илимдер академиясына келет, 1736-жылы күзүндө химия илимин өздөштүрүү үчүн Германияга жолдомо алат. Ломоносовдун көп жактуу эмгектериндеги башкы максаты орусиялыктарды агартуу, орустун балдарынан чыгаан окумуштууларды чыгаруу болгон. 1755-жылы Ломоносовдун демилгеси боюнча бүгүнкү күндө анын атын алып жүргөн биринчи орус университети ачылып, ал менен кошо гимназия да ачылган.