Өзүнүн катаалдыгы менен тарыхта калган тиран, Камбоджанын КПсынын 2-Генералдык катчысы, премьер-министр, бийликте турган 3,5 жыл ичинде өз элин геноцидге кабылткан (3 миллион камбоджалыкты кырып жок кылган) Пол Пот (чын аты-жөнү Салот Сар) жүрөк оорусунан улам көз жумган.
Пол Пот 1925-жылдын 19-майында Камбоджанын Капмпонгтхом провинциясында фермердин үй-бүлөсүндө туулган. Салот Сар бала чагында тилалчаак элпектиги, боорукерлиги менен өзгөчөлөнүп турган. Кичине кезинде буддалык монахты эки жыл ээрчип жүрүп андан диний таалим алып, чыдамкайлыкты, токтоолукту өздөштүргөн. Салот Сар мектепте начар окуган балдардын катарына кирген. Бирок, ата-энесинин фермерлик кирешесинен түшкөн каражаттын эсебинен улам 1949-жылы Францияга жөнөп, Париждеги электротехника институтунда билим ала баштаган. Парижде окуган өз мекендештеринин саясий ийримдерине катыша баштаган Салот Сар коммунисттик-марксисттик идеологияга сугарыла баштайт. Басса-турса ой-кыялынан ашынган кызыл террорлордон болгон Мао Цзе Дун менен Сталиндин жасаган иштери аны өзүнө оп тартып, кызыгуусун арттырат. Кийин өз өлкөсүнө кайтып барганда, алардын ишин улантуучулардан болууну самайт. 1953-жылы окуусун аяктап, мекенине кайтат. Дал ушул жылдын 9-ноябрында Камбоджа Франциянын үстөмдүгүнөн бошонуп, көз карандысыздыгын колуна алат.
1960-жылы Пномпенде элдик революция партиясынын съезди өтүп, генералдык секретарлыкка Ту Самут көрсөтүлүп, анын орун басары болуп Салот Сар шайланат. Арадан аз өтпөй ал партиянын аты "Жашыруун гвардия" деп аталып, куралдуу күчтөрү түзүлөт.
1962-жылы Пномпендеги өз үйүндө коммунисттик партиянын секретары Ту Самут киши колдуу болот. Салот Сар бул буйрутмалуу өлүмдү өзү уюштурган деп да айтылып жүрөт. Ошентип генералдык секретарлыкты колуна алган Салот, эми өлкө бийлигин кантип алсам деп түйшөлө баштайт. Калаада тура берсе акыры куугунтукка учураарын сезген Салот Сар миңдеген аскерин алып, жунглиге сиңип кетет. 1965-жылы Мао Цзе Дун менен болгон жолугушуу ага чоң күч-кубат берет. Салоттун алдына койгон максаттарын кунт коюп уккан Мао Камбоджа бийлигин алып бериштин жол-жобосун ойлоп, курал-жарак жана материалдык жардамдарды аянбастан көрсөтүп турат.
Арадан10 жыл өтөт. Албетте, өзүлөрүн "кырмызы кхмерчилер" деп жар салышкан (Салот Сар дал ушул учурдан тартып Пол Пот деген ат менен бийлигин жүргүзө баштайт) Пол Потчулардын миң-сандаган аскерлери куралданышып, даярдык көрүшөт. 1975-жылдын 17-апрелинде борбор калаасын басып кирген кара кийим, кызыл шапкечен отуз миңге чукул аскерлерди бул жолу өлкө башчысы Лон Ноланын катаал мүнөзүнөн запкы тартып келишкен камбоджалыктар кучак жайып тосуп алышкан.
Пол Поттун аскерлери калааны каптап кирээри менен Пномпендеги улуттук банкынын имаратын орду-түбү менен тыптыйпыл кылып, андагы акчаларды өрттөп киришет. Аң-таң болгон калаа элине: жаңы бийлик өлкөдө эч кандай акчаны колдонбосун жарыя салып, ал эми шамал сапырып ары-бери аккан акчаларды алайын деген адамдарды "кырмызы кхмерчилер" ит аткандай атып киришет. Өлкө мындан ары Орто кылымдардагыдай агрардык өлкөгө айланаарын, шаарлар жоюлуп коммуналар түзүлө тургандыгы жөнүндө указ чыгарышат.
Бийликти алган ошол сааттан баштап, интеллигенция өкүлдөрүн турган жеринде атып өлтүрүп киришет. Ошол окуяга он сегиз жашында күбө болгон Пномпень калаасынын тургуну Сар Сам: "Аскерлер баш ийбегендерди туш келди пулемёт менен аткылап, кечке жуук Пномпень жети-сегиз сааттын ичинде өлүккө толуп чыкты. Көчөдө көп өтпөй киши жегич иттер пайда болду" деп эскерет. Пол Поттун аскерлеринин дээрлик жүз пайызы аёо сезиминен ажырагандар эле. Анткени өз аскерлерин 12-15 жашар курагынан тартып мерездикке, таш боордукка, киши өлтүрүүгө үйрөтүп, пальма ширесинен жасалган ичимдикке адам канын кошуп ичишке мажбурлашкан. Колдоруна курал-жарак кармашкан ал өспүрүмдөр жалгыз гана "ангка үчүн" ("ангка" - организация деген мааниде) деген ураан астында биригишкен.
Үч миллион тургуну бар Пномпенде аёосуз эвакуация жүрүп, бир апта ичинде Пномпень шаары адам аттуудан кабары жок бош калган.
Ыйык нерсе деген болбош керек деп, храмдардын, чиркөөлөрдүн, мечиттердин, окуу жайлардын, университеттердин, музейлердин ичинде чочколорду, мал жандыктарын бактыртышкан. Телевидение, гезит, китеп дегендер орду-түбү менен жоюлган. Монахтарды, диний кызматкерлерди, врачтарды, мугалимдерди кармашкан жеринде "улут душманы" деп аташып, моюнуна дейре жерге тирүүлөй көмүшүп, мээ кайнаткан ысык аптапка калтырып, андан соң алардын баштарын кесип алып бийик жайгашкан учтуу жыгач саптарга кадап: "Мен улуттун душманымын" деген жазууларды илип коюшкан. Кары-картаң, аял-эркек, наристе дебей тирүүлөй куйкалап өлтүрүлгөн. Ислам динин тутунушкан адамдарга чочко этин жедиртип, азапка салышкан. Эркектер өзүнчө, аялдар өзүнчө жашап, аялы күйөөсүнө бир айда бир жолукканга гана укук ала алган. Эс алуу күндөрү алынып салынган. "Кайрымдуулук, боорукерлик дегендин өзү - чоң кылмыш!" деп эсептешкен. Мындай окуя Камбоджада 4 жыл бою уланган. Пол Пот эки гана өлкө менен алака күткөн. Бири Кытай болсо, экинчиси 1977-жылы "Пол Пот - улуттук Баатыр" деп сыйлык ыйгарган Түндүк Корея.
"Эмне үчүн наристелерди өлтүртүп жатасыз?" - деген журналисттин соболуна Пол Пот: "Анткени алар чоңойгондо, абдан коркунучтуу адамдарга айланышат да!" - деп жооп берген.
Тайланд менен чектешкен жердеги тай улутунан 100 миң адамды, коммунисттик өлкө катары достук-кызматташтыкта бололу деген вьетнамдык 20 миңдеген адамды кырып салган. Мындан улам 1979-жылы 7-январда 100 миңдеген вьетнамдык аскерлер Пол Поттун бийлигин кулатып, демократиялуу Камбоджа аталуу менен бирге, такка Хун Сенди олтургузушкан.
Маалыматтар боюнча, Пол Поттун бийлиги тушунда өлкө 90 пайызга чукул врачтарынан ажырап, 11миң студенттен 400ү гана аман калган. Өз улутуна кыргын салган бул адам өлкөнү башкарган төрт жыл ичинде, тагыраак айтканда 1975-жылдан 1979-жылга чейин үч миллионго чукул адамды жок кылып ийген. Пол Пот Батыштын массалык-маалымат каражаттарына берген маегинде: "Карагылачы мени, мен эмне таш боор адамга окшошуп турамбы? Менин абийирим таптаза!" - деп жооп берген.
Дүйнөлүк Сот тарабынан өлүм жазасына өкүм чыгарылганы менен ал иш аягына чыгарылбай, "кырмызы кхмерчилерди" баштаган 72 жаштагы Пол Пот жунгли ичинде өз жашоосун улантып, 1998-жылдын 15-апрелинде жүрөк оорусунан көз жумган. Биринчи аялы Кхиеу Полнари Пол Поттун өлкөдө жасап жаткан иштерине чыдай албай акылынан айнып өлгөн. Ал эми экинчи аялы Миа Сем кызы Сет Сет менен аскерлер жашаган жунгли ичинде күн өткөрүп келишкен. "Кхмерчилер" ал өлгөн соң анын сөөгүнө от коюп, өрттөп ийишкен. Өлөр алдындагы Батыш журналисттеринин бирине берген маегинде "Эч кандай, эч нерсеге өкүнбөйм!" - деп жооп берген.