V чакырылыштагы “Ата Журт” саясий партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Роман Шин Казак ССРинин (Казакстан Республикасынын) Талды-Коргон областындагы Уш-Төбе станциясында төрөлгөн.
Жогорку билимдүү. 2004-жылы И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетинин Экономика жана менеджмент факультетин бүтүргөн.
1968-1970-жылдары Советтик Армиянын катарында мөөнөттүү кызмат өтөгөн.
Эмгек ишмердүүлүгүн 1970-жылы Республикалык транспорттук-экспедициялык башкармалыгынын транспорттук бөлүмүнүн диспетчер-механиги болуп иштөөдөн баштаган.
1976-1981-жылдары “Кыргыз ССРинин 50 жылдыгы” атындагы Прибор жасоо заводунда лаборант, улук лаборант, лаборатория жетекчиси болуп иштеген.
Роман Шин 1981-1987-жылдары Республикалык илимий-методикалык борбордо чарба башчысы, 1988-жылы – Казак ССРинин Ак-Төбе областында койчулук бригадасында жумушчу,
1988-1992-жылдары жеке ишкердик менен алектенген.
Ал эми 1992-1994-жылдары – “Сеул” жеке фирмасынын директору,
1994-2005-жылдары – “КОРТ ЛТД” ЖЧКна караштуу “Эльдорадо” бизнес-борборунун президенти,
2005-2010-жылдары – III жана IV чакырылыштардагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты.
2010-жылдын октябрында “Ата-Журт” саясий партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. Жогорку Кеңештин Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин мүчөсү.
Роман Шин “Даңк” медалы (2000-ж.), Кыргызстан менен Корея Республикасынын ортосунда кызматташууну өнүктүргөндүгү үчүн Корея Республикасынын алтын медалы (1998-ж.) менен сыйланган. Кыргыз Республикасындагы корейлер коомдук бирикмесинин ардактуу президенти.