15- Сентябрь 1857 -жылы
АКШнын 27-президенти Уильям Тафт төрөлгөн
АКШнын 27-президенти Уильям Говард Тафт АКШнын Огайо штатындагы Цинциннати шаарында туулган. Президент болуп шайланганга чейин юридикалык тармакта иштеген. Ал АКШнын 26-президенти Теодор Рузвельттин жакын досу болгон. Рузвельт өзүнүн президенттик мөөнөтү бүтөрдө Тафттын талапкерлигин өлкө башчылыгына сунуштап, мындай мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаган Тафт президент болуп шайланып, 1908-1909-жылдары өлкөнү башкарган.
Уильям Говард Тафт 1930-жылы 8-мартта 72 жашында Вашингтондо каза болгон.