Кыргыз ССР Элдик комиссарлар кеңешинин токтомуна ылайык, Фрунзе шаарында Кыргыз мамлекеттик институту ачылган. Өкмөттүк токтомдо каралгандай, окуу жайга окуучуларды кабыл алуу жай айында жүргүзүлүп, окуу семестри 1-сентябрда башталмак. Мындан тышкары 1-курска кабыл алуу көлөмү 200 студент менен белгиленген.