11- Сентябрь 1973 -жылы Чилиде ЦРУ каржылык кылган аскердик төңкөрүш болуп, бийликке генерал Пиночет келген
Чилиде ЦРУ каржылык кылган аскердик төңкөрүш болуп өткөн. Мыйзамдуу шайланган президент Сальвадор Альенде өлтүрүлүп, бийликке генерал Пиночет келген.
Аугусто Хосе Рамон Пиночет Угарте — чилилик мамлекеттик ишмер. Чилини 1973-1990-жылдары башкарып, диктатор катары көпчүлүктүн эсинде калган.
2006-жылы 90 жаштагы Пиночетке күнөөсүз адамдарды өлтүргөн, 1973-1990-жылдары “Вилла Грималди” деп аталган жашыруун түрмөдө кыйноолорду колдонгон, адам укуктарын тебелеп- тепсеген деп айып коюлуп, үй камагына алынган. Ал убакытка чейин Пиночет ден соолугунун начар абалына байланыштуу кылмыш жазасынан кутулуп келген. Пиночет 91 жаш курагында Сантьягодо жүрөк талмасынан каза болгон. Ал каза болгондо миңдеген чилиликтер кубанып, демонстрацияга чыгышкан.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан