Фрунзе ТЭЦ иштеткен электр энергиясы жалаң эле борбор шаар үчүн эмес, алыскы райондордун колдонуусун камсыздап турган. Кыргыз ССР өкмөтүнүн чечимине ылайык 1964-жылдын 16-апрелинен тарта борбордук ТЭЦ иштеп чыгарган электр кубаты Рыбачье шаарына бериле баштаган. Фрунзе ТЭЦинин электр кубаты Фрунзе-Ысык-Көл багытында тартылып, анын натыйжасында көл жээгиндеги порт шаардын 800 үйүнө жарык келген.