21- Июнь 1527 -жылы Италиялык мамлекеттик ишмер жана ойчул Никколо Макиавелли көз жумган
Италиялык мамлекеттик ишмер жана ойчул Никколо Макиавелли көз жумган.
Никколо Макиавелли коомдун жана мамлекеттин өнүгүшүнө карата жаңы көз караштарды баяндашкан Ренессанс доорунун идеологдорунун биринчилеринен. Өзүнүн "Тит Ливийдин декадасына ой жүгүртүү" жана "Падыша" деген чыгармаларында Макиавелли мамлекетти жана мамлекеттик ишмердикти түшүнүүгө жаңыча мамиле жасоону адамдын этикалык жаратылыш позициясынан негиздөөгө умтулган. Ал Флоренцияда бир катар мамлекеттик кызматтарды ээлеп турган. Чыгармаларынын көпчүлүгүн 1512-жылы өзүнүн душманы болгон Медичилер кайра бийликке келгенде камалып, андан соң өз чарбагына айдалып жиберилгенден кийин жазган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан