10- Сентябрь 1940 -жылы Адабий сынчы, адабиятчы Кадыркул Даутов төрөлгөн
Адабий сынчы, адабиятчы Кадыркул Даутов Алай районундагы Үч-Төбө айылында туулган. Кадыркул Даутов 1961-жылы Токмок шаарындагы республикалык маданият агартуу окуу жайын, 1969-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн. Ал эми 1970-1973-жылдары СССР Илимдер академиясынын М.Горький атындагы Бүткүл дүйнөлүк адабият институтунун аспирантурасында окуган.
1973-жылы филология илимдери боюнча кандидаттык диссертациясын жактайт.
Кадыркул Даутов 1973-жылы КСЭнин адабият жана искусство редакциясынын жетекчиси,
1974-1975-жылдары Кыргыз илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунда илимий кызматкер,
1976-1981-жылдары Кыргыз ССР Илимдер академиясынын тил жана адабият институтунун совет адабияты секторунун башчысы,
1983-жылдан СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин СССР элдеринин адабияты кафедрасынын окутуучусу,
1985-1986-жылдары "Кыргызстан маданияты" жумалыгынын бөлүм башчысы,
1989-1999-жылдары Кыргыз Республикасынын Илимдер академиясынын тил жана адабият институтунун бөлүм башчысы болуп иштеген.
Ал эми 1999-2005-жылдары Чүй университетинин Кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын башчысы,
2005-2007-жылдары И.Арабаев атындагы университеттин профессору,
2007-жылдан Ж.Баласагын атындагы КМУнун профессору болгон.
Кадыркул Даутов 1960-жылдардын экинчи жарымынан бери адабий-сын чыгармаларын жазып келген. "Ырдын өмүрү" аттуу алгачкы адабий-сын макалалар жыйнагы 1977-жылы жарык көргөн. Негизги чыгармаларын орус, кыргыз тилдеринде жазган.
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери Кадыркул Даутов Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин Ардак грамоталары менен сыйланган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан