12- Сентябрь 1983 -жылы
Актёр Арнольд Шварценеггер Американын жарандыгын алган
Актёр Арнольд Шварценеггер Американын жарандыгын алган.
Теги австриялык болгон америкалык актёр жана коомдук ишмер Арнольд Шварценеггер Австриянын Грац шаарынан анча алыс эмес жерде жайгашкан Таль кыштагында Густав жана Аурелия Шварценеггерлердин үй бүлөсүндө туулган. Арнольд Америкага кетүүнү кичинекей кезинен эле самаган. “Айбан”, “Коммандо”, “Эгиздер”, “Бала бакча полициясы”, “Терминатор”, “Терминатор-2: Сурак күн” жана башка тасмаларда эң мыкты ролдорду жараткан Арнольд Шварценеггер АКШнын жараны, белгилүү актёр гана болбостон саясат дүйнөсүнө аралашып, 1990-жылы Американын президенти Буштардын улуусу Арнольдду дене тарбия жана спорт боюнча башкы кеңешчиси кылып дайындаган. Ал эми 2003-жылы 6-августта Арнольд расмий түрдө Калифорниянын губернаторлугуна ат салышаарын айтат. Өз шайлоочуларынын колдоосуна ээ болуп, Арнольд Шварценеггер 2006-жылы ошол эле ордуна экинчи ирет шайланган.