16- Сентябрь 1911 -жылы Акын, драматург Кубанычбек Маликов туулган
Акын, драматург Кубанычбек Маликов Кыргыз ССРинин Аламүдүн районундагы Үч-Эмчек айылында туулган. Кубанычбек Маликов 1931-жылы Фрунзедеги педтехникумга кирген.
Эмгек жолун 1926-жылы "Эркин-Тоо" гезитинин Фрунзе облусу боюнча кабарчысы болуп иштөөдөн баштаган.
Ал эми 1931-жылы "Кызыл Кыргызстан" гезитинде бөлүм башчы,
1934-1935-жылдары жооптуу катчы,
1932-1933-жылдары "Ленинчил жаш" гезитинде редактордун орун басары,
1935-1937-жылдары "Кыргызмамбаста" бөлүм башчы,
1944-1946-жылдары "Советтик Кыргызстан" гезитинде башкы редактор,
1937-1942-жылдары Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкармалыгында катчы,
1947-1949-жылдары төраганын орун басары,
1954-1959-жылдары жооптуу катчы,
1959-1973-жылдары адабий кеңешчи,
1942-жылы Ворошилов ГЭСинин курулушунда жумушчу колоннасынын комиссары,
1943-1944-жылдары адабият бөлүмүнүн башчысы,
1951-1952-жылдары Кыргыз драма театрында директор болгон.
Кубанычбек Маликов "Жазгы кош айдоо" деген биринчи ыры 1928-жылы "Эркин-Тоо" гезитине басылып, 1931-жылы "Теңдик курманы" аттуу пьесасы өзүнчө китеп болуп чыккан.
1935-жылы К.Маликов "Театрдык ырлар" деген ырлардын циклы үстүндө иштеп, кыргыз эстрадасынын түзүлүшүнө жана калыптанышына зор салым кошкон.
К.Маликов "Манас" эпосун изилдөөгө жана басып чыгаруу ишине активдүү катышып, А.Токомбаев менен бирдикте эпостун жыйынтыкталган үч томдугунун үстүндө көп жылдар бою эмгектенген. Ал вариант казак, тажик жана өзбек тилдерине которулган.
"Интернационал" гимнин кыргыз тилине которушкан жана Кыргыз ССРинин Мамлекеттик гимнин жазышкан авторлордун бири. Ошондой эле А.С.Пушкиндин, М.Ю.Лермонтовдун, В.В.Маяковскийдин, Т.Г.Шевченконун, С.Стальскийдин ж.б. чыгармаларын кыргыз тилине которгон.
1934-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон Кубанычбек Маликов 1969-жылы Кыргыз Эл акыны наамына ээ болгон.
1978-жылы "Бийик жерде" пьесасы үчүн К.Маликов Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болгон.
Андан сырткары, "Ленин", "Эмгек Кызыл Туу" ордендери, үч "Ардак белгиси", "1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушта Эмгектеги каармандыгы үчүн" медалдары, Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин Ардак грамоталары менен сыйланган.
К.Маликов СССР Жазуучулар союзунун 1-съездинин делегаты болгон. Фрунзе шаардык кеңешине депутат болуп шайланган (1939, 1956).
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан