24- Февраль 1977 -жылы
америкалык мушкер Флойд Мейвезер туулган
Америкалык мушкер Флойд Мейвезер АКШнын Гранд-Рапидс шаарында туулган. Каймана аты – "Келишимдүү" (Pretty Boy), "Акчалуу" (The Money).
Флойд Мейвезердин алгачкы беттеши 1996-жылы 11-октябрда өткөн. Ал бардыгы болуп орто салмак категориясында 47 беттеш өткөзүп, баарын жеӊген. Алардын 26сын нокаут менен уткан. Флойд Мейвезер "Ring" журналынын версиясы боюнча 6 жолу "Дүйнөнүн мыкты мушкери" аталган. Мушкер Атланта-96 Олимпиадасынын коло медаль ээси, WBC жана WBA версиясы боюнча 5 салмак категориясында Дүйнө чемпиону.