Бразилия курама командасынын жана каталондук "Барселонанын" жарым коргоочусу Неймар да Силва Бразилиянын Сан-Паулу штатында туулган. Футболчу буга чейин Бразилия курама командасы менен Конфедерациялар Кубогун уткан (2013). Бразилиялык "Сантостун" курамында 2011-жылы Либертадорес Кубогун утуп, анда 11 голу менен мыкты бомбардир аталган. 2013-жылы жайында каталондук "Барселонанын" курамына кошулуп, Испаниянын Суперкубогун утуп алган. Каталондук клуб аны курамына кошуу үчүн 57 миллион евро сарптаган.