
Америкалык киноактёр, режиссёр, сценарист Чарлз Спенсер Чаплин Лондондо артисттин үй-бүлөсүндө туулган. Турмуш жолун театрда актёр болуп иштөөдөн баштаган. Кийин кинорежиссёрлукка өтүп, 1915-жылы "Эс-Сеней" бирикмесинде тартылган 14 фильмде ("Анын жаңы иши", "Чемпион", "Паркта", "Автомобилге түшүп качуу", "Кызмат", "Банк", "Сатылып кеткен киши", "Музыка үйүндөгү кече") жаңы ыкмаларды киргизүүгө жетишкен. Көп узабай "Лоун стер" ("Жалгыз жылдыз") деген студияга өтүп, 12 фильмге тартылып, американын комедия жанрына бир топ ийгиликтерди алып келген. 1917-жылы "Тынч кече", "Дарылануу", "Чет өлкөгө качкан киши", "Укмуштарды издеген киши" деген чыгармалары экранга чыккан. Америкадагы бай көпөстөрдү ар кандай жолдор менен тымызын сындап, буржуазиялык коом эзип жаткан карапайым жумушчу адамдарга болгон боорукерлик көрсөтүлгөн. Көбүнчө ал бай мырзалар кийүүчү кийим-кечелерди сындаган.
Режиссёр фильмдеринин көбүндө комедиялык жана лирикалык мүнөздү айкалыштырган "кичине адамдын" образын түзүп, ал аркылуу кедейлик турмушту трагедиялуу баяндаган. "Париждик кыз" (1923), "Алтын азгырыгы" (1925), "Цирк" (1928) фильмдери дүйнөлүк комедиянын үлгүсү болсо, "Чоң шаардын оттору" (1931), "Жаны мезгил" (1935) фильмдеринде жумушсуздук, "Улуу диктатордо" (1941) фашизмди ашкерелеген. Ал эми "Месье Верду" (1947) фильми америкалык реакциячыл чөйрөлөргө жаккан эмес. Ошол эле мезгилде Чаплин бир куудулдун муңдуу тагдырын баяндаган "Цирктеги оттор" деген фильмин тарткан. Мында фильмдин башкы каарманы менен Чаплиндин жеке турмушу окшошуп турган. 1952-жылы автобиографиялык мүнөздөгү "Рампа оттору" фильмин коюп, акырында куугунтукталган Чаплин Голливудду таштап Швейцариянын Веве деген шаарына барып жашаган. 1957-жылы "Нью-Йорктогу падыша" деген фильмин тарткан. Анын 1967-жылы чыккан "Гонконгдон келген мырзайым" деген комедиясы режиссёрду журтчулукка кеңири таанытып, комедия жанрынын өсүшүнө өзүнүн зор салымын кошкон.
Чарли Чаплин 1977-жылы 25-декабрда 88 жаш курагында көз жумган. Чаплинди да акыркы сапарга салтанат менен узатышкан. Ал акыркы жайына коюлган соң опузачылар (шантажист) тарабынан сөөгү казылып алынган. Алар улуу комедия актёрунун үй-бүлөсүнөн акча талап кылышкан. Бирок маркумдун жубайы акча төлөөдөн баш тартып койгон. Себеби Чаплин ушул сымал окуя болорун сезгенсип, бир жыл мурун эле аялына “мени уурдап кетишип, акча талап кылышса, төлөбө” деген. Кылмышкерлер кармалып, Чаплиндин сөөгү кайра жерге берилген.