20- Сентябрь 1999 -жылы
Советтик коомдук ишмер Раиса Горбачёва каза болгон
Советтик коомдук ишмер, Михаил Горбачёвдин өмүрлүк жары Раиса Горбачёва Германиянын клиникаларынын биринде таңкы саат 3тө, 67 жашында лейкемия оорусунан каза болгон. Баарынан кызыгы, ал лейкемия менен ооруган наристелерге дайыма жардам берип келген.
Раиса Титаренко алтайлык темиржолчунун үй-бүлөсүндө туулган. Мектепти алтын медаль менен бүтүрүп, МГУнун философия факультетине тапшырган. 1953-жылы Михаил Горбачёв менен Раиса Титаренко баш кошушкан.