16- Апрель 1978 -жылы Орусиялык актёр, музыкант, телеалпаруучу, шоумен Иван Ургант төрөлгөн
Орусиялык актёр, музыкант, телеалпаруучу, шоумен Иван Ургант Орусиянын Ленинград шаарында атактуу Урганттардын үй-бүлөсүндө туулган. Иван балалыгында эмнегедир элге таанымал болууну каалаган эмес. Алтургай эс тартып чоңойгондо да атасынын тилин албай, “мен эч кандай тасмага тартылууну каалабайм” деп үйүнөн качып кеткен күндөрү болгон. Ошентсе да болочок телеалпаруучунун балалыгы сахна артында белгилүү инсандардын арасында өткөн.
Мамлекеттик орус музейинин алдындагы гимназия-мектебин аяктаган соң атасынын каалоосу менен Иван таланттуулугу жагынан бааланып, тез эле Петербург театралдык искусство академиясынын экинчи курсуна отурат. Бул жерден болочок актёрдун сахнага койгон биринчи кадамы ишке ашып, Алиса Фрейндлих менен биргеликте алгачкы жолу спектаклде роль жараткан. Балалыгынан эле өз алдынча болууну жактырган Иван “театрда иштеп мен өзүмдү бага албайт экенмин. Андан көрө акчалуу жумушка орношуп, окуумду которуп, кесибимди да алмаштырышым керек” деген чечимге келет. Жыйынтыгында, ата-энесинин урушканына карабай окуусуна таптакыр жолобой койгон. Ал эми өзүн багуу үчүн жөнөкөй эле кафелердин бирине официант болуп ишке орношот. Андан кийин бул тармакта өз аброюн өстүрүп, түнкү клубдарда кечелердин алпаруучусу катары эмгектене баштайт. Муну менен эле токтоп калбастан Иван кийин ресторандарда официант жана испан ырларын катыра аткарган музыкант болуп да иштейт. Ошондон кийин Иван ырчы болууну чечип, музыка менен алектене баштаган. Жыйынтыгында, өз эмгегинен жаралган ырлар жыйнагын чогултуп, жеке өзү үчүн альбомун чыгарат. Бирок Ивандын “ырчы болом” деген тилеги ушуну менен токтогон.
Ал кайрадан 1998-жылы 20 жаш курагында актёрдук кесибине кайтып келет. Ошол эле жылы кинокарьерасында "Оор мезгил" (“Трудное время”) деп аталган тасмада алгачкы жолу роль жараткан. Андан кийин белгилүү шоумен кино тармакты да таштабастан, бардыгы болуп 20дан ашык фильмге тартылган.
Анткен менен Иван киного тартылуунун артынан да өз жолун таба алган эмес. 1999-жылы дагы бир жаңы тармакта өзүн сынамакка ди-джей катары радиолорго бара баштайт. Жыйынтыгында, уккулуктуу жана орундуу сүй­лөгөндүгү менен Санкт-Петербург шаарындагы жергиликтүү “Супер радио” радиосуна жумушка орношот. Ошол эле учурда Петербург телевидениесинин “5-Каналында” кондитердик фабрикалардын сырлары туурасындагы берүүгө алпаруучулук кызматты да аркалайт. Бул иштери менен жаш журналист катары бул тармактагы тажрыйбалуу адистердин көзү­нө илинип жаңы жумуштарга чакыруулар келип түшө баштаган. Көп өтпөй “Супер радионун” эмес, “Русское радио”, “Хит-FM” радиолорунун ди-джейи жана “5-Каналдын” эмес, "MTVнин", андан соң Орусияда рейтинги эң чоң Биринчи канал, "Россия" телеканалдарынын телеалпаруучусу катары өз атын даңазалай баштайт. Ошондон бери бир канча жеке берүү­лөрүн да жарыкка алып чыккан. Эфир жылдызы катары аткарган кызматы үчүн 2007-2008-2009-2010-2011-жылдары "ТЭФИ", 2008-жылы "Ника" сыйлыктарына ээ болгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан