Кыргыз Республикасында эркин күрөш боюнча Эл аралык категориядагы биринчи калыс, бир нече жолу СССРдин ондугуна кирген Карыпбай Сарымсаков Талас районунун Каракол айылында төрөлгөн. 1958-жылы КМДТИни бүтүргөн. 1958-1969-жылдары КУУда окутуучу, улук устат болуп иштеген. Ал эми 1969-1971-жылдары Бишкек шаарспорт комитетинин төрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын спорт комитетинин бөлүм башчысы, 1971-1983-жылдары "Спартак" СК төрагасынын орун басары, 1983-1994-жылдары "Колхозчу" СК төрагасы болуп иштеген. Карыпбай Сарымсаков 1963-жылы бүткүл союздук, 1973-жылы Кыргыз Республикасынын биринчи эл аралык калысы аталган. 1972-1976-жылдары эркин күрөштөн СССРдин эң мыкты 10 калысынын катарына кирген.