Акын жана котормочу Түмөнбай Байзаков Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Бөкөй айылында туулган. Жалал-Абаддагы педагогикалык окуу жайында окуп жаткан жеринен Грозный шаарындагы аскердик окуу жайына жөнөтүлгөн. Андан согушка кетип, оор жарадар болуп өз жерине кайтып келген. Айылдарда мугалим болуп иштеген. Кийин КМУнун филология факультетин бүтүргөн. Сузактагы райондук гезитте редактор, Кыргызстан КП БКнын алдындагы партиялык мектепте окутуучу, Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкармалыгында адабий кеңешчи, кыргыз адабияты боюнча Москвада адабий кеңешчи, "Кыргызмамбас" системинде түркүн кызматтарда иштеген.