Карнеги-Меллон университетинин профессору Скотт Фалман интернет тармагында жазышууда эмоцияны билдирүү үчүн быйтыкчаларды колдонууну сунуштаган. Алгач катары менен кош чекит ":", тире "-" жана жабылган кашааны ")" колдонуп күлгөн эмоцияны көрсөтүү сунушун киргизген. Бул электрондук лексикага киргизилген маанилүү жаңычылдык болгон.