24- Сентябрь 1972 -жылы Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов төрөлгөн
IV, V, VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов Ош облусунун Ноокат районундагы Шанкол айылында төрөлгөн.
Билими - жогорку, М.Абышев атындагы ОшТУнун экономика факультетин, 2003-жылы Ж.Баласагын атындагы КМУУнун юридика факультетин бүтүргөн.
Эмгек жолун 1989-1990-жылдары Ноокат районундагы "Ленинизм" колхозунда баштаган.
1990-1992-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.
1992-1997-жылдары – Ноокат районундагы "Шанкол" колхозунун жумушчусу;
1997-1999-жылдары – "Монолит-Ош" ишканасынын филиалынын инспектору;
1999-2001-жылдары – "Алтын-темир" корпорациясынын директорунун орун басары;
2001-жылдын май айынан сентябрь айына чейин "Темир" мамлекеттик ишканасынын Ош облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн башкы инспектору;
2001-2007-жылдары – "Темир" мамлекеттик ишканасынын Баткен облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн директору;
2007-2010-жылдары – Жогорку Кеңештин IV чакырылышынын депутаты, Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасынын орун басары;
2010-жылдын ноябрь айында "Республика" саясий партиясынан Жогорку Кеңештин V чакырылыштагы депутаты болуп шайланган;
2010-2012-жылдары – Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы;
2012-2013-жылдары – Жогорку Кеңештин "Республика" фракциясынын жетекчиси жана Социалдык саясат боюнча комитетинин мүчөсү болгон;
2015-жылы парламенттик шайлоодо "Бир Бол" партиясынан Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болуп шайланган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан