V чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты Карганбек Самаков Нарын облусунун Нарын шаарында туулган.
Жогорку билимдүү. 1985-жылы "автожол" адистиги боюнча "инженер-курулушчу" квалификациясы ыйгарылуу менен Фрунзе шаарындагы политехникалык институтту, 1995-жылы Кыргыз Улуттук университетинин Юридика факультетин, Кыргыз Республикасынын ТИМине караштуу Дипломатиялык академияны бүтүргөн.
Эмгек жолун ЭЛУАДда инженер болуп баштаган.
1986-1991-жылдары Нарын жол-курулуш башкармалыгында инженер-курулушчу болуп иштеген.
1991-1992-жылдары – Нарын авто жолдорду иштетүү башкармалыгынын материалдык-техникалык жабдуу бөлүмүнүн башчысы,
1992-жылдан 1994-жылга чейин – "Аман" фирмасынын директору,
1994-жылдан 1996-жылга чейин – "Аман ЛТД" фирмасынын директору,
1996-жылдан 1998-жылга чейин – "Эверест-ко ЛТД" коммерциялык фирмасынын өндүрүш президенти,
1998-жылдан 2001-жылга чейин – Нарын облусу боюнча "Кыргызалко" ГАКынын өкүлчүлүгүнүн директору болуп эмгектенген.
2000-жылы №21-Ат-Башы шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынына депутаттыкка шайланган.
2003-жылы Жогорку Кеңештин Эл аралык жана тышкы экономикалык маселелер жана парламенттер аралык байланыштар боюнча комитетинин төрагасы, КМШ ПААнын Эл аралык иштер боюнча комитетинин мүчөсү болгон.
2005-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине №33-Нарын шайлоо округунан депутаттыкка шайланган, Эл аралык иштер жана парламент аралык байланыштар боюнча комитетти жетектеген.
2004-2007-жылдары – Мамлекеттик кызмат боюнча кеңештин төрагасынын орун басары болгон.
2010-жылдын октябрында "Ата Мекен" социалисттик партиясынын тизмеси менен V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттыкка шайланган. 2012-жылдын ноябрынан тартып Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы болгон.
Карганбек Самаков Жогорку Кеңештин Япония жана Араб өлкөлөрү боюнча достук тобунун жетекчиси, КМШ Парламент аралык Ассамблеясынын (ПАА) Саясий маселелер жана эл аралык кызматташуу боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары, Кыргыз өлкөсүнүн Материалдык эмес маданий мурастар боюнча комиссиясынын төрагасы, "Кагошима-Кыргызстан" кыргыз-япон уюмунун президенти.
Карганбек Самаков "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 70 жыл" юбилейлик медалы, КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын "Шериктештик" ордени, КМШ ПААнын Ардак грамотасы, "Шериктештик", "Намыс жана каармандык", "Жоокердик боордоштук", "Калашников" ордендери, "Япон-Кыргыз биримдиги", "КМШ ПАА – 20 жыл", "Эмгеги үчүн", "Ыйык тил", "Столыпин", "Ардактуу ишкер" медалдары менен сыйланган. Ошондой эле "Мустафа Кемаль (Ататүрк)" эл аралык фондунун ардактуу профессору жана фонддун алтын медалы менен сыйланган. Кыргыз Республикасынын экономикасынын жана финансысынын отличниги, Кыргыз Республикасынын маданиятынын отличниги, Нарын шаарынын жана Нарын облусунун ардактуу жараны.
Мамлекеттик кызматтын II класстагы мамлекеттик кеңешчиси.
2015-жылы 15-майда Карганбек Самаков коррупция беренеси боюнча шектелип, камакка алынган.