24- Июнь 1916 -жылы Жазуучу, төкмө акын, обончу жана комузчу Абдрашит Бердибаев төрөлгөн
Жазуучу, төкмө акын, обончу жана комузчу Абдрашит Бердибаев Москва районундагы Малтабар кыштагында туулган. Ымыркай чагында эки көзү азиз болуп калган. Адегенде домбура чертип, 15 жашынан комуз үйрөнөт, элдик поэзиянын үлгүсү менен ыр чыгара баштаган. 1933-жылы Сарыкунан Дыйканбай уулуна жолугуп, андан "Жаныш-Байыш", "Кожожаш", "Болот менен Мөөр" ("Ак Мөөр") дастандарын үйрөнөт. 1944-1953-жылдары Кыргыз мамлекеттик филармониясында солист болгон. Элге төкмө акын, обончу ("Түшүмдө", "Менин өлкөм" ж. б. белгилүү ырлардын сөз, обонун өзү чыгарган) катары таанылган. Алгачкы ыры 1938-жылы жарыяланган. Абдрашит Бердибаевдин жыйнактары: "Ырлар жыйнагы" (1949), "Ырлар" (1958), "Добуш" (1965), "Адамдын жолу" (1965), "Тандалган ырлар" (1970), "Адамдарга ачык кат" (1970), "Даңк-тайм сени, Кыргызстаным" (1973). Айрым. китептери орусча да чыккан.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан