21- Май 1974 -жылы Советтик коомдук ишмер, акын жана драматург Молдогазы Токобаев каза болгон
Советтик коомдук ишмер, акын жана драматург Молдогазы Токобаев Ысык-Көл районуна караштуу Тору-Айгыр айылында 1905-жылы  27-февралда туулган. 
1921-жылы Караколдогу жетим балдар үйүндө тарбияланып, андан Түп районундагы айыл чарба техникумуна которулуп, анда 1926-жылга чейин окуган.
1926-1929-жылдары  Каракол жана Нарын Кантонунда комсомолдун катчысы,
1929-1931-жылдары Москвадагы Коммунисттик университетте окуп,
1931-1936-жылдары Кочкор райондук партия комитетинин катчысы жана Сакалды МТСинин саясий бөлүмүнүн начальниги,
1936-1937-жылдары "Кызыл Кыргызстан" гезитинин редактору,
1937-1938-жылдары Токтогул Сатылганов атындагы филармониянын директору,
1938-1940-жылдары Жалал-Абад облустук аткаруу комитетинин төрагасы,
1940-жылы Кыргызстан Борбордук партия комитетинин катчысы,
1941-жылы Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун төрагасы,
1944-жылы Талас облустук партия комитетинин биринчи катчысы,
1948-жылга чейин Кыргыз ССР Министрлер Советинин алдындагы радиокомитеттин председатели,
1953-1957-жылдары "Советтик Кыргызстан" гезитинин сын жана библиография бөлүмүн башчысы болуп иштеген.
Молдогазы Токобаевдин "Кайсы убак", "Жан карындаш" деген ырлары 1924-жылы "Эркин-Тоо" гезити чыга баштаганда жарыяланып, 1931-жылы биринчи "Ырлар жыйнагы", 1947-жылы орус тилинде "Мы друзья Ленинграда" деген китеби чыккан.
М.Токобаев кыргыз драматургиясына негиз салуучулардын бири. Кыргыз элинин театр искусствосу 1928-жылы жазылган М.Токобаевдин "Кайгылуу Какей" аттуу пьесасы менен башталган.
Кыргыз элине жана адабиятына сиңирген эмгеги үчүн Молдогазы Токобаев Ленин, эки жолу "Ардак белгиси" ордени, "Эмгектеги артыкчылыгы үчүн", "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата-Мекендик согушта каарман эмгеги үчүн" медалдары жана Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун Ардак грамоталары менен сыйланган. СССР Жогорку Советине, Кыргыз ССР Жогорку Советине жана жергиликтүү советтерге бир нече жолу депутат болуп шайланган. Ал 1974-жылы 21-майда каза болгон. 
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан