1- Май 1908 -жылы Кыргыз эл акыны Темиркул Үмөталиев туулган
Кыргыз эл акыны, Жазуучулар Союзунун мүчөсү Темиркул Үмөталиев Аксы районуна караштуу Төө-Жар айылында туулган. 1925-жылы Ак-Суудагы жетим балдар үйүндө тарбияланып, 1929-жылы Жалал-Абаддагы педагогикалык окуу жайын бүтүрүп, Ноокат районунда эки жыл мугалим, кызыл үйдүн башчысы жана райком комсомолдун бөлүм башчылык кызматтарын аткарган.1928–1929-жылдары техникумда окуп жүргөндө Үмөталиевдин кабарлары "Ленинчил жаш", "Кызыл Кыргызстан" гезиттерине үзбөй чыккан. 1931-жылы Фрунзеге келип, обком комсомолдун аппаратында бөлүм башчы, 1934–1935-жылдары Араван МТСинде саясий бөлүмдүн начальнигинин комсомол иши боюнча жардамчысы, 1935-1937-жылдары "Кыргызстан пионери" гезитинин редактору, "Ленинчил жаш" гезитинин редакторунун орун басары, "Кызыл Кыргызстан" гезитинин бөлүм башчысы, 1937-жылдан Кыргызстан Жазуучулар Союзунун аппаратында иштеген. Т.Үмөталиев Улуу Ата Мекендик согушта Калинин, Түштүк-Кавказ, Закавказье, Украина фронтторундагы, Румыния, Болгария, Югославия, Венгрия, Австрияны фашизмден бошотууга катышкан. 1946-1953-жылдары "Ала-Тоо" журналында башкы редактор, 1974-жылдан китеп сүйүүчүлөр коомунун башкармасынын төрагасы болгон. Т.Үмөталиевдин ырлары 1930-жылдан тартып басма сөз беттеринде чыга баштаган. "Баатыр" аттуу поэмасы 1944-жылы жарык көргөн.Т.Үмөталиев Пушкиндин, Маяковскийдин, Тихоновдун, Янка Купаланын, Турсун-Заденин чыгармаларын кыргыз тилине которгон. Ал эми Темиркул Үмөталиевдин чыгармалары өз учурунда орус, украин, өзбек, казак ж.б. элдердин тилдерине которулган. Т.Үмөталиев 1934-жылдан СССР Жазуучулар Союзуна мүчө болгон. 1968-жылы "Кыргыз Эл акыны" наамын алган. 1982-жылы "Too гүлдөрү" аттуу китеби үчүн Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылган. "Ленин", "Эмгек Кызыл Туу", "Кызыл жылдыз", "Ардак белгиси" ордендери, "Кавказды коргогону үчүн", "Будапештти алганы үчүн", "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушта Германияны жеңгендиги үчүн" медалдарынын ээси.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан