Акын, жазуучу көптөгөн ыр китептердин жана балдар үчүн жазылган чыгармалардын автору Абдрасул Токтомушев Кемин районундагы Төрт-Күл айылында туулган.
1928-1931-жылдары Ташкент шаарындагы Орто Азия суу чарба техникумунда окуп, 1952-жылы Фрунзедеги педагогикалык окуу жайын сырттан окуп бүтүргөн.
Абдрасул Токтомушев 1932-1941-жылдары Улуу Ата Мекендик согуш башталганга чейин Лейлек районунун "Колхоз турмушу", республикалык "Кызыл Кыргызстан", "Ленинчил жаш" гезиттеринде адабий кызматкер, жооптуу катчы, бөлүм башчы, 1953-1957-жылдары "Ала-Тоо", "Чалкан" журналдарынын редакцияларында бөлүм башчы болгон.
Чыгармачылык жолу 1930-жылы башталып, 30-жылдары жазылган ырлары "Балбандар" деген ат менен 1936-жылы жыйнак болуп чыгып, "Какшаалдан кат" поэмасы 1958-жылы орус тилинде басылып чыккан.
Акындын балдарга арналган "Хан жана Жуматай", "Тынчтык үнү", "Достук" жана башка чыгармалары бар.
Абдрасул Токтомушев ыр менен жазылган "Алтын-Too" аттуу романынын биринчи бөлүгү 1965-жылы, экинчи бөлүгү 1968-жылы басылып, 1974-жылы бул чыгарма Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болгон.
Абдрасул Токтомушев Ливан акындарынын ырларын, В.Дальдын жомокторун, Гильендин ырларын кыргыз тилине которгон. Көптөгөн жамааттык жыйнактардын котормолоруна катышкан.
1989-жылы "Үркүн" аттуу автобиографиялык романы "Ала-Тоо" журналына басылып, бирок чыгарма аягына чыкпай калган.
Абдрасул Токтомушев 1938-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү, 1972-жылдан Кыргыз эл акыны.
"Эмгек Кызыл Туу", "Элдердин достугу", "Ардак белгиси" ордендери, "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушта каарман эмгеги үчүн", В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгынын урматына "Каарман эмгеги үчүн", "Эмгек ветераны" медалдары, Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин Ардак грамоталары, ЛКЖС БКнын Ардак грамоталары менен сыйланган.