23- Май 1913 -жылы
Акын, жазуучу Райкан Шүкүрбеков төрөлгөн
Акын, жазуучу көптөгөн көркөм китептердин жана сатиралык, лирикалык чыгармалардын автору Райкан Шүкүрбеков Кара-Буура районуна караштуу Ак-Чий айылында туулган. 1933-1953-жылдары театрда артист болуп иштеген. 1938-жылдан баштап өмүрүнүн акырына чейин Кыргыз мамлекеттик филармониясынын адабият бөлүмүн башкарган. Улуу Ата Мекендик согушка катышып келген. Эң биринчи "Жаркынай" аттуу аңгемеси 1929-жылы журнал бетине жарыяланган. Биринчи китеби "Тоо элинин баатыры" деген ат менен 1936-жылы басылып чыккан. Ал кыргыз драматургиясынын, асыресе комедия жанрынын өнүгүшүнө чоң салым кошкон. Анын "Күрөш", "Бейиш арасында", "Айдар", "Жапалак Жатпасов" пьесалары театрда коюлган. Таланттуу сатирик, чебер лирик катары да белгилүү болгон. Балдар үчүн да көп чыгармаларды жазган. Орус жана башка элдердин жазуучуларынын чыгармаларын кыргыз тилине которгон. Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган. Райкан Шүкүрбеков 1962-жылы 49 жаш курагында кайтыш болгон.