Жазуучу, акын, драматург Насирдин Байтемиров Чγй областындагы Кегети айылында дыйкандын γй-бγлөсγндө туулган. Айылдык мектепти бγтөрγ менен Фрунзедеги зоовет институтунун даярдоо бөлγмγнө өтγп, 1934-жылы 1-курусуна кабыл алынат. 1934-жылы "Ленинчил жаш" гезитинде "Жаш тилек" аттуу алгачкы ыры жарыяланат. 1937-1939-жылдары аскер кызматын өтүп келери менен энесинин, айрыкча агасы Касымдын айткан жомокторунун негизинде жазылган "Жомоктор" деген китеби жарык көрөт.
Согуш жылдарында ал айылда жγрγп, бухгалтер, зоотехник, мугалимдик жана комсомолдук иштерде иштеген. Дал ушул элет жеринде жазуучу эң зарыл болгон турмушту γйрөнγγ менен кийинки жазылуучу чыгармаларына бай материал жыйнаган.1945-жылы Фрунзеге келип, "Кызыл Кыргызстан" гезитине кызматка орношот. Ушундан баштап эл аралап, чоңураак чыгарма жазууга камынган. Натыйжада "Азамат" аттуу повестин жарыкка чыгарган. Мында автор согуш учурундагы өлкөнγ коргоо γчγн бγткγл кайрат-кγчγн жумшаган кыргыз учкучу Азаматтын образын тγзγγгѳ аракеттенет. Н.Байтемиров жетишерлик турмуштук, жазуучулук тажрыйба топтогон кезде да адабий билимин көтөрγγнγ эңсеп, Москвадагы М.Горький атындагы адабият институтуна кирип, аны 1955-жылы бγтγргөн. Жазуучунун "Акыркы ок" романынын жарык кѳрγшγ дал ушул жылга туш келген. Буга аялдар темасындагы 3 романы жарыяланып, алар авторду кыргыз адабиятындагы белгилγγ романчы катары тааныткан. "Жылдызкан" романында сγрөткер "Жаш жγрөктөрдөй» даяр каарманды албастан, Жылдызкандын кичинекей кезинен тартып кандай турмушту башынын өткөргөнγн, көз карашынын калыптанышын, кулк-мγнөзγн, дγйнө таанымын ар тараптан кеңири сγрөттөгөн. 1966-жылы жарык көргөн "Тарых эстелиги" сγрөткерге реалисттик проза жазуунун чыгаан өкγлдөрγнγн бири, тарыхый роман жаратуунун чыныгы мастери катары атак-данк алып келген. Н.Байтемиров γчγн "Уркуя" эч качан ѳзγнγн актуалдуулугун жоготпой, ал гана эмес, биротоло жазуучунун стихиясына айланып кеткендиктен, автор бул темага кайра-кайра кайрылып, "Уркуя" поемасын, "Уркуя" драмасын жазып, ар кандай жанрдагы жаңы чыгармаларды жарата берγγдөн тажаган эмес. Ал "Уркуядан" башка да "Кγйөө", "Ким кγнөөлγγ?", "Жолдо", "Адамдын аты" драмаларын, "Эненин жγрөгγ", "Аста, секин колукту" музыкалуу комедияларын жазган. Эң негизгиси, Н.Байтемировдун калеминен "Сонундар дγйнөсγ" (1967), "Турмуш элеги" (1972), "Санта" (1970), "Козголоңчу аял жана сыйкырчы" (1984) сыяктуу көркөм дөөлөттөр жаралып, кыргыз адабиятында роман жанрынын бөксөсγн толтурууга зор салымын кошкон. Н.Байтемиров – поэзия жанрында да γзγрлγγ эмгектенген кыргыз акындарынын ирилеринин бири болгон. Башкасын айтпаганда да, "Жγрѳк кγγсγ" (1955), "Сγйгѳнγм" (1957), "Канаттуу кγндѳр" (1964), "Эриген таш" (1969), "Махабат дастаны" (1975), "Махабат жазы" (1979), "Махабатым – канатым" (1981) сыяктуу көлөмдγγ ырлар жыйнактарынын өзγ эле кыргыз поэзиясынын тарыхынан көрγнγктγγ орундардын бирин алып берγγгѳ кудурети жеткен.