7- Ноябрь 1917 -жылы акын, драматург, котормочу Мидин Алыбаев төрөлгөн
Акын, драматург, котормочу Мидин Алыбаев Жумгал районунун Чаек айылында туулган. Фрунзе педтехникумун бүтүргөн. Бир жыл комсомол кызматкерлеринин мектебинде окуган. "Жаш ленинчил" жана башка гезит-журналдарда иштеген. 
Анын чыгармачылыгы 1934-жылдарда башталган. "Бактылуу жаштык" деген биринчи ырлар жыйнагы 1937-жылы жарык көргөн. Кийин "Ак чүч", "Мидин" деген сатиралык ырлар жыйнагы чыккан. Ал "Курорттогу окуя", "Жантектин керээзи", "Зоотехник Буйлаков" жана башка пьесалардын автору. А.С.Пушкин, М.Ю.Лермонтов, В.В.Маяковскийдин ырларын кыргыз тилине которгон. Орус тилинде анын эки ырлар жыйнагы чыккан. 
1959-жылы 42 жаш курагында бул дүйнөдөн көзү өткөн.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан