Хирург, медицина илимдеринин доктору (1970), профессор (1972), Кыргыз Улуттук Илимдер Академиясынын академиги (1993, мүчөсү 1989), Кыргыз Республикасынын илимге эмгек сиңирген ишмери (1987) Мамбет Мамакеев Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районундагы Кереге-Таш айылында туулган. 1952-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун бүтүргөн. Учурда Кыргыз Республикасынын Улуттук хирургиялык борборунда эмгектенип келет.