Шотландиялык химик, 1904-жылдын химия боюнча "Нобель" сыйлыгынын лауреаты Уильям Рамзай Шотландиянын Глазго шаарында төрөлгөн. Билимди Глазгодогу академиядан алган. Ал жакты аяктап, ошол эле шаардагы университетте Томас Андерстин жетекчилигинде химияны изилдөөнү уланткан. Вильгельм Фиттигдин жетекчилигинде Тюбинг университетинде аспирантурадан окуп, "Толуол жана нитротолуол кислоталарын изилдөө" деген темада диссертациясын коргогон.