7- Октябрь 1896 -жылы Англиялык окумуштуу Жон Даун каза болгон
Англиялык окумуштуу Жон Даун 67 жашында Лондондо каза болгон.
Даун синдромун ачкан генетик Жон Даун 1828-жылы 18-ноябрда Англиядагы Корнуэлл шаарынын, Торпойнт айылында төрөлгөн. 18 жашка чейин атасынын дарыканасында иштеген. Андан соң Лондондо Редвуддун жана Майкл Фарадейдин жардамчысы болуп иштеп, фармацевттин окуусун окуган. 25 жашында Медициналык институтка тапшырып, аны алтын медаль менен аяктаган. 1858-жылы Эрсвудда эсинен ажырагандардын приютуна дарыгер болуп дайындалат. Жон Даун акыл жагынан артта калгандарга сабак өтсө, жылыш болоруна ишенген. Мындай бейтаптар үчүн 1868-жылы Теддингтондо "Нормансфилд" аталышында борбор ачкан.
Жон Даун акыл жагынан артта калгандардын баш сөөгүнүн формасынын түзүлүшүн изилдеп, анын негизинде бейтаптарды 5 топко бөлгөн. 
Жон Даун биринчиден болуп синдромдорду баяндаган, кийинчерээк бул синдормдорду анын аты менен атап калышкан.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан