Курмантай Абдиев Ош облусунун Совет (азыркы Кара-Кулжа) районунун Кара-Кулжа айылында туулган.
Жогорку билимдүү. 1978-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин юридика факультетин “укук таануу” адистиги боюнча бүтүргөн.
Эмгек жолун 1966-жылы Совет районунун “Совет” совхозунда жумушчу болуп иштөө менен баштаган. 1968-70-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн. ЖОЖду аяктагандан кийин республиканын прокуратура органдарында ар кандай кызматтарда иштеген, 1978-1982-жылдары – стажёр, тергөөчү, Фрунзе шаардык Свердлов районунун прокуратурасынын улук тергөөчүсү, 1982-жылдан 1984-жылга чейин Кыргыз ССРинин Тергөө башкармалыгынын прокурору, өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөөчүнүн милдетин аткаруучу, 1984-1986-жылдары Фрунзе шаарынын Свердлов районунун прокурорунун орун басары, 1986-90-жылдары Фрунзе шаарынын Ленин районунун прокурору, 1991-92-жылдары Тергөө башкармалыгынын башчысынын биринчи орун басары, тергөө бөлүмүнүн башчысы, республиканын прокурорунун орун басарынын милдетин аткаруучу, 1992-94-жылдары Ош облусунун прокурору, 1994-1998-жылдары Талас облусунун прокурору, 1998-1999-жылдары Нарын облусунун прокурору болуп эмгектенген.
1999-2000-жылдары Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын коргоо жана коопсуздук иштери боюнча бөлүмүнүн башчысынын орун басары, 2000-2001-жылдары Ош облусунун прокурору, 2001-2003-жылдары Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары, 2003-2006-жылдары башкы прокурордун орун басары – Кыргыз Республикасынын аскердик прокурору, 2006-2007-жылдары Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун биринчи орун басары болгон.
“Шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын кодексинин 27-28-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун биринчи орун басарлыгы кызматынан – ээлеген ордунан Кыргыз Республикасынын Президентинин тескемеси менен бошотулган. 2009-жылдын декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши таркагандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун тескөөсүндө болгон.
Ал эми 2009-2010-жылдары Кыргыз Республикасынын Юстиция министри болгон.
2010-жылдын октябрынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V чакырылышына “Ата Журт” идеалисттик демократиялык саясий партиясынан тизме боюнча депутат болгон.
2010-жылдын 23-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогору Кеңешинин "Жогорку Кеңештин регламенти жана мамлекеттик кызматчылардын этикасы" боюнча комитетинин төрагасы болуп шайланган.
“Аскердик ак ниеттүүлүгү үчүн” медалы менен сыйланган (1970-ж.), прокуратуранын ардактуу кызматкери (2000-ж.), Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген юристи (2005-ж.), юстициянын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси, юстициянын генерал-майору атайын наамы бар.