4- Апрель 1937 -жылы
Коомдук-саясий ишмер Жусуп Абдрахманов камакка алынган
Белгилүү коомдук-саясий ишмер Жусуп Абдрахманов камакка алынган. Анын күндөлүгүндөгү жазууга караганда, Ж.Абдрахманов НКВДнын Оренбург башкармалыгы тарабынан камакка алынып, ага контрреволюциачыл троцкисттик уюмда турат деген күнөө коюлган. Суракка алган тергөөчү Ж.Абдрахмановду ур-токмокко алып, кыйноо жолу менен андан каалаган көрсөтмөнү чыгарууну көздөгөн. Жусуп Абдрахманов НКВДнын кыйноосуна карабастан, кол коюудан жана сурак протоколунан баш тарткан. Акыры ал жалган жалаа менен атылып кеткен.