КСДП фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Азамат Арапбаев Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарында туулган.
Жогорку билимдүү. 1993-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтун, 2004-жылы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясын бүтүргөн.
Эмгек жолун 1993-жылы "Ош-Интур" туристтик фирмасынын директорунун орун басары болуп иштөөдөн баштаган.
1996-жылдан 1999-жылга чейин – Кыргыз өлкөсү боюнча “MalabarTradingGoLTD” компаниясынын директорунун орун басары;
1999-2000-жылдары – "Талас-Ош" жоопкерчилиги чектелген коомунун директорунун орун басары;
2002-2003-жылдары – "Ош-Арагы" ЖЧКсынын жетекчиси;
2003-жылдан 2004-жылга чейин - "Алтын-Суу" АК башкармалыгынын төрагасы;
2004-2008-жылдары – "Даннур-Юг" ЖЧКнун директору;
2005-2008-жылдары – "Түштүк курулуш материалдар комбинаты" ЖЧКсынын башкы директору;
2000-2005-жылдары – Ош облустук кеңешинин депутаты;
2007-2008-жылдары – Ош шаардык кеңешинин депутаты;
2008-2010-жылдары – IV чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
2010-жылдын октябрында "Ата Журт" саясий партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин мүчөсү.
2015-жылы парламенттик шайлоодо КСДП партиясынын тизмеси боюнча депутаттыкка шайланган.