4- Апрель 1999 -жылы
Саясатчы Жумабек Ибраимов каза болгон
КРнын мурдагы премьер-министри, төрт ай кыргыз өкмөтүн жетектеп, калктын бийликке болгон ишенимин жандырган Жумабек Ибраимов айыкпас дарттын айынан дүйнөдөн кайткан. Жумабек Ибраимов өкмөт башына 1998-жылкы оор экономикалык кризистен улам келген. Буга чейин кыргыз өкмөтүн жетектеген К.Жумалиевдин кабинети кырдаалды турукташтырууга дарамети жетпей кызматтан кетип, Ж.Ибраимов 1998-жылдын 25-декабрында премьер-министрлик кызматка отурган.