2- Октябрь 1967 -жылы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институту ачылган
Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институту ачылган. Ал республикада алгачкы уюштурулган өлкөбүздүн маданий жана көркөм өнөр мекемелерине керектүү, көп кырдуу билим алган, жогорку кесиптик деңгээли бар адистерди даярдоочу жогорку окуу жай болуп эсептелет. Окуу жай Кыргыз ССРинин Министрлер Кеңешинин 1967-жылы 30-августта кабыл алган “Кыргыз мамлекеттик көркөм өнөр институтун уюштуруу” жөнүндө №482-токтомунун негизинде ишке ашырылган. 1974-жылы окуу жайга СССРдин Эл артисти Б.Бейшеналиеванын ысымы ыйгарылган. 
Бул жылдар аралыгында институт өлкөнүн көркөм өнөрүнө жана маданиятына зарыл болгон 4,5 миңден ашык адистерди даярдап чыгарган. Алардын ичинде СССРдин жана Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгы, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти", "Маданиятка эмгек сиңирген ишмер" деген ардактуу наамга ээ болгондор ондоп саналат. Бүтүрүүчүлөрдүн ичинде "Социалисттик Эмгектин Баатыры" наамына, Манас жана башка орден-медалдарга татыгандар да бар.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан